Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар маалымат күркөлөрүнөн кандай маалымат ала алышары боюнча билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт. Орнотулган күркөлөрдүн дареги: – Бишкек шаарынын аэропортунда – 2; – Ош аэропортунда – 2; – Баткен аэропортунда – 1; – Жалал-Абад аэропортунда – 1; – Бишкек […]Читать далее
Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу жалпы билим берүү мектеби курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет. Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт. “Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Бишкек мэриясы борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияны эске алуу менен локалдуу жылуулук электр станцияларын жана от казандарын курууну пландоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ведомство электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу ишке ашырылышын билдирет. “Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка […]Читать далее
2024-жылдын январь айына карата малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 45,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 150 баш чочко жана 3,8 миң баш жылкы ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди. Мындан сырткары, пилоттук негизде Араван, Кемин, Түп райондорунда 15,4 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өтүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоого алынды.Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн (portal.tunduk.kg) мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) процесстери […]Читать далее
Нурия Кутнаева Дубайда өткөн саммитте Кыргызстандын жасалма интеллект тармагындагы жетишкендиктери
Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн жасалма интеллект тармагындагы айрым жетишкендиктери менен тааныштырды. «Биздин бай кыргыз тилибиз санариптик үндө жаңырууга татыктуу. Ошондуктан былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети күчтүү жасалма интеллект менен суперкомпьютерге инвестициялап, Siri же Алиса сыяктуу кыргыз тилдүү чатботко жол ачкан». Элестеткиле, сиз өз эне тилиңизде жасалма […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-февралда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартылганын маалымдады. Ведомствонун басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын тууралуу билдирет. Алсак, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик […]Читать далее