ОСАГО полиси коңшу өлкөлөрдө 20 жылдан бери колдонулуп келсе, Кыргызстанда ал 2016-жылы мыйзамдуу түрдө киргизилген. Башында айып пул каралбаса да, кээ бир жарандар полисти өз каалоосу менен алып колдонуп келишкен. Ал эми айып пул тууралуу мыйзам күчүнө киргенден тарта полис алгандардын саны дагы да көбөйгөн. Өлкөдө ОСАГО полиси жокторго мыйзам чегинде айып пул салуу иштери […]Читать далее
Өлкө аймагында 14-июлдан 20-июлга чейин 22 миң 880 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинен: -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 774; -Мас абалында унаа башкаруу – 318; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 141; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 988; -Транспорт каражаттарынын […]Читать далее
Кыргызстандын Социалдык фонду Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсияга чыга аларын эскертет. Белгиленгендей, 2020-жылдан тартып Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, өкмөттөр ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 360 суроо-талап жиберилген, 358 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди. Келишимдин алкагында […]Читать далее
Казакстандан Кыргызстанга талапка жооп бербеген 14 тонна унду киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Күн мурун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чоң Капка” өткөрүү пунктуна жакын “Жыйынды постунда” текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 14 […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорду колдоону күчөттү. Ведомстводон маалымдашкандай, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында мындай мекемелерди каржылоонун көлөмү 2022-жылдан 2025-жылга чейин 12 млн сомдон 28,6 млн сомго чейин көбөйгөн. Каражаттар убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыздоого, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык […]Читать далее
Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында “Бишкек шаарынын мэриясынын борбор калаанын мектептерин жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдоо, анын ичинде 12 жылдык мектептерге өтүүнүн алкагындагы иши жөнүндө” деген темада брифинг өттү. Брифингдин жүрүшүндө мэрдин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бүгүнкү күндө муниципалитет 2025-2026-жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүүдө. Бул […]Читать далее
1-июлга карата жарандар менен 1 286 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдө жалпысынан аз камсыз болгон 13 333 үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгуу жана кирешесин жогорулатуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө социалдык контракт алууга мүмкүнчүлүк берилди. Келишимдин алкагында жарандар туруктуу чарба жүргүзүү жана өз алдынча киреше алуу […]Читать далее
Өлкөдө ун өндүрүүчүлөргө жылына 200 миң тоннадан кем эмес буудай өндүрүү тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жайыл районунда “Орион–Экстра” жаңы тегирмен комплексинин капсуласын салуу учурунда айтты. Төрөбаевдин айтымында, жылына 200 миң тонна буудайды өндүрүү менен 4-5 айга өзүбүздү жергиликтүү […]Читать далее
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында “Иш-аракеттердин беш жылдыгына көмөктөшүү: тоолор 2030-жылга чейин ТӨМдүн күн тартибин ишке ашырууну тездетүүнүн ачкычы катары” темасында сайд-ивент өткөздү. Иш-чара президенттин администрациясы жана респуликанын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулардын катарына ФАОнун Нью-Йорктогу кеңсеси, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, Андорра, Непал жана Италия кирди. Сайд-ивенттин жүрүшүндө […]Читать далее
Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти . Аларды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен тыгыз кызматташтыктын алкагында ишке ашты. Кайтарылган балдардын ичинен экөө жакын туугандарына өткөрүлдү, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик тарабынан бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун […]Читать далее