Санариптик дипломдор «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү улуттук системасына жайгаштырыла баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи этапта системага 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилди. Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам жана ыңгайлуу түрдө ала алышат. Санариптик дипломдорду […]Читать далее
2025-жылдын 6 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 миң 283 абонент жалпы керектөөчүлөргө кошулду. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында 12 миң абоненти калк категориясы боюнча керектөөчүлөр, ал эми 2 миң 268 бул калк эмес […]Читать далее
2025-жылдын 6 айында Россиядагы кыргызстандыктардын 18 млн рублдан ашык каражаты кайтарып берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Жаркынай Галиеванын айтымында, Россияда жашап, иштеп жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо боюнча иштер активдүү уланууда. “Январдан июнга чейин эмгек акыны убагында ала албай жаткан 621 жарандын атынан 244 кайрылуу келип […]Читать далее
Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына болжолдуу түрдө 110 миңден ашуун унаа кирген. Ал эми бүгүн кайра эле ошол унаалар Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу шаарды көздөй кирип келишүүдө. Мындан […]Читать далее
Борбор калаанын чок ортосунда Айкөл Манаска арналган жаңы монументтин салтанаттуу ачылышы болуп өттү — бул каарман кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин жана рухунун чыныгы символуна айланган. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Манастын образы жөн гана тарыхый же эпикалык кейипкер эмес экендигин баса белгиледи. «Манас — бул жөн гана […]Читать далее
Жыл башынан бери айдоочуларга 17 млн 335 миң 499 сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО боюнча жалпысынан 190 камсыздандыруу окуясы катталган. Эң ири төлөм 300 миң сом болду. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине (ар бирине 150 000 сомдон) төлөндү. Муну менен катар адам […]Читать далее
1-июлдан 28-июлга чейин автоунаа ээлерине 38 345 жаңы полис берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан жыл башынан бери 266 миң 465 автоунаа камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул көрсөткүч жарандардын жоопкерчилигинин жогорулап жатканын тастыктап турганын белгиледи. Ошондой эле уюм өз ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын кошумчалады.Читать далее
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушунун жүрүшүн текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панельден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрөрүн эскертет. Тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 токтомуна ылайык, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” нускамасына киргизилди. Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат: отчеттук ай үчүн ишти жүргүзүүгө […]Читать далее
31-июлда узакка созулган оорудан кийин, 89 жаш курагында Кыргызстандын көрүнүктүү уулу — Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Владимир Михайлович Плоских дүйнөдөн кайтты. Владимир Михайловичтин дүйнөдөн кайткандыгы —илим, билим жана маданият чөйрөсү үчүн орду толгус жоготуу. Элге жана Ата Мекенге кызмат кылууну өмүрүнүн маңызына айланткан, дүйнөгө таанылган […]Читать далее