Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Чүй облусундагы мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлорун масштабдоо боюнча багыттоочу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Республиканын региондорунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү алкагында “Мектепке чейинки билим берүүнүн өкмөттүк акселераторлору” программасын масштабдоо процесси башталды. Кеңешмеге президенттин Чүй облусундагы […]Читать далее
Кыргызстанды үстүбүздөгү жылдын 12-мартына карата кызамыктын 5 миң 446 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты. Маалыматка ылайык, аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 1 653, Ош шаары боюнча 334, Ош облусунда 907, Баткен облусунда 133, Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абад облусунда 975, Ысык-Көл облусунда 86, Талас облусунда 76 жана […]Читать далее
Бул жумада кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандар 21нен 24-мартка чейин эс алышат. Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты (жума) иш күнү эмес деп жарыялады. Ал эми 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылды.Читать далее
2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ошол эле учурда өткөн жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 % […]Читать далее
Бүгүн, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «Бир жарандан – бир дарак» аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз. Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 […]Читать далее
2024-жылдын 1-мартына карата «Балага сүйүнчү» бир жолку төлүмүн 26 377 бала алышты, ал үчүн 105,6 млн.сом каржыланды. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же […]Читать далее
Күн мурун санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрүн Ниса Габба – Tutelligence долбоорунун негиздөөчүсүн, Фарри Габба – McKinsey&Company жана Касси Габба- Boston Consulting Group компанияларынын аналитиктерин кабыл алды. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кутнаева Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө “жасалма интеллектти” жайылтуу боюнча долбоор менен тааныштырды. Тараптар өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Министр “жасалма интеллект” […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасында бүгүн, 15-мартта эртең менен саат 08:47де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында орун алып, Бедел айылынан 44 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.Читать далее
2024-жылдын 14-мартында оорудан улам Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Жакшылыков Талгарбек Каримович 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн. 1982–1984-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Жаштайынан өзгөчө үнү менен айырмаланып турган Талгарбек […]Читать далее
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы, доктор Ханс Клюге менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында өттү. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоонун бир катар маселелерин, анын ичинде 26-27-июнда Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык […]Читать далее