Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында Маликов көчөсү, 91 дарегинде курулуп жаткан “Мурас” ипотекалык турак жай комплексинин курулушунун жүрүшүнөн кабар алды. “Кыргызстройсервис” мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов билдиргендей, аталган турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет. Анын айтымында, быйыл бериле турган батирлердин ички ремонт иштери жүрүп жатат. “Мурас” […]Читать далее
Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформанын жүрүшүн талкуулаган тегерек столдо билдирди. Иш-чарага саясат таануучулар, эксперттер жана агенттиктин жооптуу кызматкерлери катышты. Талкуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев маалымдагандай, жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжасында республикадагы 452 айыл […]Читать далее
Күн мурун Япониянын Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ардактуу консулдукту Мичинори Йотсухаши жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Эркинбек Осоев кеңсенин ачылышы менен Мичинори Йотсухащини куттуктап, консулдук патентти […]Читать далее
Кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдан биринчи жарымындагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды. Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен бирөөсү кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. “Бир […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга өзгөчө […]Читать далее
Кыргызстанда 6 ай аралыгында ички иштер органдарында 19 миң 411 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 16%га азайган. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды. Ведомстводон билдиришкендей, ага министр Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин жетекчилери катышты. Жыйында ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 […]Читать далее
Ош шаардык мэриясы тарабынан жаңы муниципалдык базарды куруу иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов Б.Осмонов көчөсүндө жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Жаңы базар “Мегаполис” соода борборунун маңдайына курулууда. “Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык […]Читать далее
Бишкек мэриясынан канча мектепте окуу саат 8:00дөн эрте башталарын айтып беришти. Муниципалитеттен билдиришкендей, кабыл алынган токтомдун алкагында окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген. Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет. 198 миң 129 окуучунун ичинен 90 […]Читать далее
Кыргызстанда мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, алган каражатынын аркасы менен Ысык-Ата районундагы мектеп мугалимдери Кара-Деңизге, Ысык-Көлгө жана башка курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. “Мугалимдердин эмгек өргүүсү үчүн алган каражаты эмгек тажрыйбасына жараша 43 миң сомдон 143 миң сомго […]Читать далее
Кыргызстанда 6 айда темир жол аркылуу 109 миңден ашык жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн 7 миңге жакыны эл аралык каттам боюнча жол тарткан. “Жүргүнчүлөрдү ташууда вагондорду жаңылап, каттамга чыгаруу улантылууда. Муну менен биз туризмди өнүктүрүү багытында кыргызстандыктарга […]Читать далее