2-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында, ошондой эле Балыкчы шаарынын мэриясы иш алып барып жаткан 6 багыттын бири болгон «кооз шаар» багытынын негизинде, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун аты берилген борбордук көчөсүндө жол четтерине чүкө формасындагы бордюрлар коюлду. Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, Балыкчы шаардык мэриясы […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда Анкарадан учуп келген биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бүгүн, 2023-жылдын 3-июнунда AnadoluJet авиакомпаниясынын ( Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду. Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Салтанаттуу ачылышта «МЭА» ААК Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, бүгүн компания үчүн […]Читать далее
Ичүүчү суунун кескин тартыштыгына байланыштуу борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү. Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды. Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Борбор шаарды […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы бала бакчага болгон муктаждыкты жою максатында 150 орундуу бала бакча курулуп жатат. Ал тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Тагыраак айтканда калаадагы Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда 48 сотых жер аянтына эки кабаттуу, 150 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакча курулуп жатат. Балдар мекемесинин сметалык баасы 97 млн. сомду түзөт. Курулуш респуликалык бюджеттен Жалал-Абад […]Читать далее
Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолу ачылды. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты. Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бир жуманын ичинде инспекция тарабынан 48 көрктөндүрүү эрежеси бузулган фактылар аныкталып жалпы суммасы 438 миң сомго айып пул салынды. Тазалык жана тартипти бузгандар курулуш жана айрым ишканалар: – «Роял Констракшн» ЖЧКсы 114-берене боюнча;- “Кыргыз каганаттары” ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү; – «Экополис» ЖЧКсы […]Читать далее
10-кичи райондун тургундары көрктөндүрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарындагы 10-кичи районунун №30,31,32 үйлөрдүн алдыңкы бөлүгүндө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен улуу инсандардын муралын тартуу пландалган. Бирок жогорудагы үйлөрдүн жашоочулары жана турак жай ээлеринин бирикмесинин төрагасы имаратты жакшыртууга каршы чыгышты. Кичи райондун жашоочулары Октябрь […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бул вагонго билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып […]Читать далее
2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Каттамдын салтанаттуу ачылышында «МЭА» ААКнын Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат. Wizz […]Читать далее
КР Министрлер Кабинетинин 2023 жылы чыгарылган токтомуна ылайык, сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө (мындан ары – СӨЗТМ) ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоо жүргүзүлөт. Бул максаттарга болжол менен 9,6 млн АКШ доллары сом түрүндө бөлүнөт. Каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү. 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100,6 млн сом […]Читать далее