Ысык-Көл биосфералык аймагында полимердик пленкадан жасалган желим баштыктарды колдонуу былтыркыга салыштырмалуу кескин төмөндөп, болжолдуу 30 пайызга азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пленкасынан жасалган баштыктарды сатууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча соода түйүндөрүнө эскертмелер […]Читать далее
6 айдын ичинде “Кыргызаэронавигация” ишканасы 451 млн сом пайда тапты. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директору Төрөкелди Өмүров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3%га же 112 млн 670 миң сомго көбөйгөн. “1-жарым жылдыктын жыйынтыгындагы финансылык көрсөткүчтөрүнө токтолсок, 1 млрд 178 млн сом киреше […]Читать далее
Бишкекке жаңы автобустар келгенден бери абанын сапаты жакшырды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, борбор калаага миң экологиялык таза автобустар алып келинген. Автобустар каттамга чыккандан бери 100 тоннадан ашык дизель отуну колдонулбай калды. “Бишкектин ичиндеги кичи автобустар шаар […]Читать далее
Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы оруп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпы республика боюнча 886 комбайн иштеп жатат. Кылкандуу дан эгиндеринин 203,1 миң га, же 41,5 % жыйналып алынып, орточо түшүмдүүлүгү […]Читать далее
Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жыйынтыкталды. 26-июлда өткөрүлгөн сынакта жалпысынан 28 мектепке талапкерлигин койгон жаңы директорлор босого упайдан жогору балл топтой алган: – Бишкек шаарында – 3, – Ош шаарында – 1, – Баткен облусунда […]Читать далее
Жыл башынан бери Россияда иштеген Кыргызстандын мигранттарынын берилбей калган эмгек акысын жана өндүрүштөгү травмасы үчүн кенемтесин алып берүүгө жетишилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ведомствонун кызматкерлери Россияда миграцияда жүргөн 465 кыргызстандыктын 34,9 млн рубль айлык акысын, мындан сырткары, өндүрүш учурунда травма алган […]Читать далее
Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо 15-августка жылдырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, өлкө аймагына 25-июнга чейин алынып келген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоо кийинкиге калтырылды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбай турган болду. Жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен министрлер кабинетинин “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун […]Читать далее
Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-жаңы окуу жылына даярдыктар кызуу уланууда. Алсак, райондун акими Жаныбек Орозалиев жана орун басары Чынара Жаныкееванын катышуусунда жаңы окуу жылына карата мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине көз салуу максатында мониторинг өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу 5 орто мектепте жана 8 мектепке […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу жасалчу балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айынын башында өтөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, операция Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда жасалат. Учурда атайын бөлүм даярдалып, тиешелүү жабдуулар сатылып алынды. “Сөөк чучугун алмаштырууга төрт бейтап даярдалып жатат. Операция […]Читать далее
Япониянын Nikken Sekkei архитектуралык компаниясынын адистери Бишкек шаарынын башкы планын талдоо боюнча ишти улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун жетекчилиги астында “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча онлайн талкуу уланды. Жыйынга ишкананын бөлүм башчылары да активдүү катышып, […]Читать далее