Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Өтмөк ашуусунда дагы ушундай эле кырдаал, анда жол №36 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан тазаланып жатат. Белгилей […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок. Эгер ушундай маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батири мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга карата чара көрүлүп, үй кезекте турган кийинки жаранга берилет. “Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы ижарага берүүгө эч кимдин акысы […]Читать далее
Бишкек мэриясы ЕБРРден алган карыздын 31,7 млн сомун мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы алынган 25 млн евро кредитти 2025-жылдын 25-мартына чейин төлөш керек болчу. “Мындан сырткары, өзүнүн каражатына сатып алып жаткан техникалардын кезектеги партиясы келди. Бул кар күрөп, туз сепкен жана жайында жолдорду жууган […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 17 объектти аукцион аркылуу ижарага койгонун жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Алтын Булак” пансионаты, жер тилкелери жана түрдүү максатта курулган муниципалдык мүлктөр онлайн-аукционго коюлат. Төмөнкү объектилерди ижарага берүү боюнча аукциондор өтөт: – ЛОТ № 1984.2 – Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы “Алтын-Булак” пансионатынын аянты 23 700 чарчы метрди түзгөн жер […]Читать далее
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Азербайжандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Зульфугар Хуммет оглы Танарверди жана элчинин экинчи катчысы Миржавид Миргадир оглы Мирсултан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы №103 Низами Гянджави жана №20 Гейдар Алиев атындагы мектептерди азербайжан тили боюнча мугалимдер менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын катышуучулары билим берүү тармагында, […]Читать далее
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК жарандарга берилген ипотекалык батирлерди ижарага берүү боюнча түшүндүрмө берди. Төмөндө билдирүүнүн тексттин өзгөртүүсүз беребиз: “Биздин компания батирлерди ипотека аркылуу берүүдө негизги принциптерди карманат, жана аларды жалаң гана өз үй-жайы жок жарандарга гана сунуштайбыз. Мындан тышкары, биздин программада батирлерди берүүдө үлүштүк салым менен катышуу механизми колдонулат, анда батирдин наркынын 50% төлөгөн адамдарга […]Читать далее
Бүгүн, 20-январда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер үчүн бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерип, аларга жүктөлгөн программаларды көрүп чыкты. Министрликтен билдиришкендей, “Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган. Белгиленгендей, платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү […]Читать далее
Бишкек шаарынын негизги азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азыктарынын баалары туруктуу жана 2025-жылдын 21-январына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы (Аламүдүн, Орто-Сай, Ош ) азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн бири болуп саналган эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Аламүдүн базарында бодо мал эти 550-600 […]Читать далее
Түркияда өрттөн жабыркаган жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. “Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат суралды. Ал эми Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары […]Читать далее
Борбор калаа менен Чүй облусунда ыштын азайганы байкалууда. Жаратылыш министрлиги тарабынан дрон менен тартылган видеодо мурдагы жылдарга салыштырмалуу ыштын азайгандыгы көрсөтүлгөн. Буга карабастан ыш маселеси дагы да бар, бирок абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр 2021-жылдагы абалга салыштырмалуу азайган. Ыштын азаюусуна таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү, тигүү цехтеринин калдыктарын жок кылууну уюштуруу, 3 миңден ашуун маршруттук каттамдарды шаардан […]Читать далее