Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылындагы жаңы мектеп быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Окуу имаратынын аяктоо жана пайдаланууга берүү 2023-жылдын 1-сентябрь айына пландаштырылган. Бүгүнкү күндө окуу имаратынын сырткы жана ички сырдоо иштери толук бүткөрүлүп, терезе жана эшиктер толугу менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев жана КР Финансы министри А.Бакетаев Аль-Жасер Сауд Аравия Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, Кыргыз Республикасынын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорун […]Читать далее
2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган. Министрликтен белгиленгендей, буга калкты иш менен камсыз […]Читать далее
Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022- жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Өкүлчүлүк Орусиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле Орус Федерациясынын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди […]Читать далее
12-май-эл аралык медайымдар күнүнө карата Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаардын М. Сыдыков “Москва ” аймагындагы кабаттуу үйлөрдүн айланасы куураган бактардан, эски тосмолордун тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулган. Дал ушул аймак медайымдардын аллеясы деп аталды. Аллеяны уюштуруу иш чарасына катышкан Калаа башчысы Канболот Тутуев медайымдарды келе жаткан […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарында курулуп жаткан жана үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин бүткөрүлө турган социалдык объектилер менен жеринен таанышты. Анын жүрүшүндө шаар башчысы иштин сапатына жана курулуш убактысына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, аталган имараттар курулуп жаткан башка социалдык мекемелерге үлгү болушу керектигин баса белгиледи. Бакытбек Жетигенов ошондой эле, «Амир-Тимур» МАБнын 100 орундуу […]Читать далее
“Дордой” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер участогунун аянты 0,57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык […]Читать далее
Бүгүн, «Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштери башталды. Жерди бургулоо жана куруу иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты. Бул багытта аталган ишканага курулуштун сапатын көзөмөлгө алуу, жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду. Ошондой эле, шаар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Талас облусунун Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, […]Читать далее