Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда. 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде: 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору. Учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жаныш Рустенбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан эли орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы жана дипломат Рустенбеков Жаныш Султанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган. Ж.С. Рустенбеков 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта узак жылдар бою эмгектенди. 1990–1993-жылдары элдин эсинде «легендарлуу парламент» катары калган Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Балыкты төмөнкү максаттар […]Читать далее
Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында көчмө жыйын өткөрдү. Тиешелүү кызматтар менен биргеликте электр тармактарын даярдоонун жүрүшүн, Көк-Жар суу алгычындагы пландык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Көчмө жыйындын алкагында мэрдин орун басары Ж.Шамыралиев «Арча-Бешик» 110/10 кВ көмөкчордонунда болду. Көмөкчордондо 10 МВА болгон Т-1 кубаттуулуктагы трансформаторду 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго […]Читать далее
Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат. Маалымат үчүн: Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине […]Читать далее
Бүгүн, 11-июль күнү Жумгал РИИБдин Куйручук-Кызарт айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Асан Токтомамбетов, Жумгал районунун Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-аким Адылбек Набиев , Куйручук […]Читать далее
Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Рейд борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун регионалдык башкармалыгынын боюнча өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турарын Мамлекеттик салык кызматы билдирет. “Салык чек” тиркемеси аркылуу ID-номерлерди ыйгаруу процесси төмөнкүдөй жүргүзүлөт: – дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге жума күнү саат 23:30дан кийин берилет; – бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге шаршемби күнү саат 23:00дөн кийин […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы КРнын триатлон Федерациясы менен 69 мектеп-гимназиянын бассейнин капиталдык оңдоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол койду. Оңдоо иштери жакында башталат. Иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: суу берүү жана чыпкалоо системасын, душ, чечинүүчү жайларды, машыктыруучу, административдик жана техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо. Ошондой эле келишим боюнча мектептин спорт аянтчасы жана чуркоочу спорттук айлампаны […]Читать далее
ЖКККББнын Нарын облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында 10 даана “QR” коду менен маалымат такталары илинүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул “QR” коду аркылуу Нарын облусуна келген туристтер уюлдук телефонунан Нарын облусу боюнча кайсыл жерде эс […]Читать далее