КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт. “Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат. КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен […]Читать далее
Бүгүн, 16-сентябрда саат 08:25ке карата Тажикстандын чек арачылары Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. “Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын салык органдары 10 күндүн ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 255 рейддик иш-чара өткөрүштү. 12 миң 696 транспорт каражаты текшерүүгө алынып, анын ичинен 618 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Жыйынтыгында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөндүгү үчүн 618 миң сом суммасында административдик айып […]Читать далее
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Тоң районунун тургундары менен жолугушту. Жыйында, жарандар жеке укуктарынын бузулушу, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, коомдук абал, укук коргоо органдарына тийиштүү маселелер көтөрүлдү. Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз кезегинде, көзөмөл органына жазылган арыздар жоопсуз калбастыгын белгилеп, кыска аралыкта так жана […]Читать далее
Панфилов районунда бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Панфилов РИИБке арыз менен Р.А. аттуу жаран кайрылып, арызында өзүнө тийиштүү Первомайская айылында жайгашкан фермада жалданып иштеген адам, сарайдагы темир буюмдарды жана бир нече койлорун өзүнө ыйгарып алып коротуп коюп, изин жашырып кеткенин билдирген. Аталган окуя боюнча Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы №151 жана 152 Жарлыгына ылайык Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелер сыйланды. Ардак сыйлыктарды район башчысы Максатбек Саргазаков тапшырды. Иш чарада 17 эне сыйланса, анын ичинен 9 эне “Баатыр эне” ордени, 8 эне медалдар менен сыйланган. Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 200 “Баатыр эне” каттоодо болсо, алардын […]Читать далее
Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот. “Ар бир жаран эттин сапатын, малдын жашын, ал кайдан келди, качан союлду, эт азыгы тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу […]Читать далее
Баткен районунун Как-Сай жерлигинде ок атышуу саат 14:40ка карата токтоду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Эки тараптын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда. Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек […]Читать далее
Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт. Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган – минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды. “Аларга бардык керектүү […]Читать далее
Элет элинин көйгөйү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Район тургундары жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын […]Читать далее