Ыкчам маалымат боюнча, 16-сентябрь саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек ЖДПБда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди. Абалы жана диагнозу тууралуу […]Читать далее
Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлө турган кезексиз жыйындын алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендердин өкүлдөрүн кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга депутаттар Камила Талиева, Султанбай Айжигитов, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Ырысбек Атажанов, Айгүл Айдарова жана Чыңгыз Ажыбаев катышты. Анда учурдагы түзүлгөн […]Читать далее
Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Кулатов көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Каракульская көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду. Жолдун узундугу 1,4 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр. Жолду реконструкциялоо 2021-2022-жылдар аралыгында 2 этап менен жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригация орнотулду. Көчө Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттарын уюштурду. Шаардын төрт административдик районунда гуманитардык жана башка жардамдарды чогултуу үчүн жергиликтүү аянтчалар түзүлгөн. Урматтуу шаардыктар! Мүмкүн болсо: жылуу кийим, ичүүчү суу, дары-дармектер жана тамак-аш, жуунуучу каражаттар, жеке гигиена каражаттарын жөнөтсөңүздөр. Жардамды Октябрь району боюнча төмөнкү даректерге калтырууга болот: – Октябрь акимиаты: Байтик […]Читать далее
УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда. Маалыматка ылайык, кагылышууга Тажикстан тараптан белгисиз формадагы кийимде жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык экендигин тастыктаган белгилери жок адамдар катышууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы атышууну токтотуу […]Читать далее
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн медиаштабдын маалыматына ылайык, жардам берүүнү каалагандар спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот. Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу Баткендин бир катар көчөлөрү жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 11:00гө карада унаалардын өтүүсүнө төмөнкү жолдор жабылды: – Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 216,5 чакырымы (Чоң-Талаа), 265 чакырымы (Кара аймагы), 272 чакырымы (Төрт-Көчө жерлиги); – Баткен – Кара-Бак, Баткен – Кызыл-Бел унаа жолунун участогу; – Лейлек районунун […]Читать далее
Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) барууда. Саат 10:30га карата Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар […]Читать далее
Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин айланасы жашылдандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мектепке 42 арча, 1000 м2 газон чөп жана 3 миң бир жылдык гүлдөр отургузулган. Мектептин аймагын жашылдандыруу иштерине Биринчи май районундагы ишкананын 35 жумушчусу тартылган. Ошондой эле, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Алтын-Ордо конушундагы жаңы мектептин, №10, […]Читать далее
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.Читать далее