Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту. М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи. Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып алуу […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Манас айылы көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алуу иштерин жүргүзүүдө. Башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИнин, Ленин районунун акимчилигинин жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Буга чейин шаардык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык иликтөө учурунда, жер тилкеси муниципалдык аймактын эсебинен 375 чарчы метрге кеңейтилгени аныкталган. Кеңейтилген […]Читать далее
Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Туркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 5-июлунда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды. Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиев үчүн эстеликтин ачылышына катышты. “Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет […]Читать далее
Жайкы эс алуулардын башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген. Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары тарабынан көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, статистика көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 6 айында эле 60тан ашуун […]Читать далее
Туристтик милиция Ысык-Көл облусунун меймандарына кам көрүшүүдө. Бул тууралуу Ысык -Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусунун туристтик маршруттарында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын 40тан ашык кызматкерлери чет өлкөлүк туристтерге жана жергиликтүү эс алуучуларга жардам беришүүдө. «Ысык-Көл облусу республиканын туристтик аймагы болуп саналгандыктан, туристтик милициянын кызматкерлери бизде эӊ меймандос кызматкерлер болуп саналат. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бир ай бою турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн 190 жаранга ишкердик негиздерин үйрөттү. Бул иш-чаралар “Мамлекеттик акселераторлор” долбоорунун алкагында уюштурулуп, калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Семинарлардын жүрүшүндө салык кызматкерлери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте катышуучуларды жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо процесси менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алууга чейин тааныштырышты. Ошондой эле, салык режимин […]Читать далее
“Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында шаардык мекеме-ишканаларда көрктөндүрүү жүрүп жатат
Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн, Ж. Коңурбаева атындагы шаардык борборлоштурулган китепканасынын жана #2-Чебурашка балдар бакчасындагы көрктөндүрүү иштери башка мекемелердин жетекчилерине үлгү катары тааныштырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин тапшырмасына ылайык шаардагы баардык мекеме-ишканаларда ” Жашыл мурас” улуттук долбоору ишке ашырылууда. Мекемелердин айланасы жашылдандырылып, жарыктандырылып, көрктөндүрүлүүдө. Аракеттери үлгү […]Читать далее
Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан тротуар курууга тоскоол болгон Эр-Тайлак көчөсү №4 үйүнүн дубалы түрттүрүлдү. Башкармалыктын кызматкерлери объекттин ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин өз ыктыяры менен тротуарга чыккан капиталдык тосмону, гаражды жана темир дарбазаны демонтаждоодо. Тосмонун узундугу 25 метр, гаражы 4×5 метрди түзөт. Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз курулган же курулуп […]Читать далее
Өндүрүштүк планга ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти. Бул скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт. Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда. […]Читать далее