Борбор калаада троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

 Борбор калаада троллейбустардын техникалык абалы текшерилди
Бишкекте коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.
«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчылары жана жетекчилиги Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү.
Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү.
Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды.
Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Связанный пост