“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.Читать далее
Акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. “Эч качан жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук […]Читать далее
Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү. “Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүл көмүрүн саткан сатуучуларга эки күндүн […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү. Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган. Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө […]Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүнө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, шаршембиде саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү, Ш. Руставели, Бакаев көчөлөрү, Грибоедов, Ажыбек-Баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Тактап айтканда, төмөнкү даректерде суу болбойт: Ч.Айтматов проспкктиси -95/1, 96/1. Жунусалиев көчөсү – 6,78, 80, 82, 82А, 82/1, 84, 84А, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өлкөдө жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу мекендештерге кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар! Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда КР ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктары, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги темасы катары Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар мамлекеттик тилди укуктук жөнгө салуу, билим берүү, жарнак тармагындагы маселелерди талкуулашты. К.Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашыруу […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча опузалоого шектелип “Мир24.kg” маалымат порталынын директору кармалды. Кечээ, 3-ноябрда 2 миң доллар каражатты өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды. Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болгон. Ал ошол эле учурда […]Читать далее
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын […]Читать далее