Президент Жалал-Абад облустук милициясына 2 унаа белек кылды

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-сентябрь күнү, Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгына эки кызматтык автоунаа тапшырды. “Мерседес Спринтер” жана “Тойота Королла” үлгүсундөгү унааларды Жалал-Абад облустук милициясынын Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери пайдаланат.

Камчыбек Ташиев “…бул унаалар өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ички иштер кызматкерлеринин кызматтык шарттарын жакшыртуу үчүн берилгенин, мындан ары Ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын заман талабына ылайык жаңылоого олуттуу көңүл бурулаарын…” билдирди.

Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук милициясынын өздүк курамы жана ИИМ ардагерлери катышты.

Камчыбек Ташиев өздүк курам менен жакындан баарлашып, суроо-талаптарын угуп, маселелерди ыкча чечүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.

Связанный пост