Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан биринчи Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди. Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүшүп кетти. “Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Белгилей кетсек, делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев курултайдын убактылуу төрагасы болуп дайындалган. Ашыралиев курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барды.Читать далее
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга өлкө аймагынан келген 1072 делегат катышууда. Кворум бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди. Анын айтуусуна караганда, президенттин курултайды чакыруу жөнүндө жарлыгы менен бирге биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, мыйзам кабыл алынганга […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өз ишин баштады. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу-тарбия иштери боюнча мектептердин 30дан ашык директорлору жана завучтары үчүн уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чара Кемин шаарында 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү мекемелеринин бирикмеси Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. Талкуунун жүрүшүндө мектеп […]Читать далее
Кадамжай районунунда милициянын балдар менен иштөө инспекциясы мектептерде окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жыйын өткөрүштү. Анда кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо, уурулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйын билим берүү кызматкерлеринин, социалдык коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 21-26-ноябрь күндөрү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорунда “Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу” темасында семинар-тренингтер өткөрүлүп жатат. Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана […]Читать далее
25-ноябрда республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алат. Кампаниянын башталышы тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. «25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 активдүү аракеттердин 16 күндүк өнөктүгү башталат. Бул глобалдык демилге, ошондой эле […]Читать далее
Биринчи Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин негизги көчөлөрү 24-25-26-27-ноябрь күндөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат. Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси: Жибек Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин; Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин; Манас /Чыңгыз Айтматов […]Читать далее