Өлкөбүздө өтүп жаткан мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда. Тагыраагы, чет өлкөдөн келген делегаттарды тосуп алуу, коштоп жүрүү жана жалпы жол кыймылын камсыздоодо жогорку күжүрмөн баскычта кызмат алып барууда. ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго […]Читать далее
Монголия Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалына барды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда Монгол Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырза «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. “Аффинаждоо заводу” филиалына болгон иш сапарынын алкагында Монгол Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырзага “Кыргызалтын […]Читать далее
Мэрияда калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жер мунапысын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Жыйынга, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев, аппарат башчысы Азиз Садырбеков, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары жана министрликтердин жана ведомстволордун […]Читать далее
2023-жылдын 9 ай ичинде балык өндүрүү 23164,7 тоннаны түздү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинен маалымдашты. – Чүй облусунда бардыгы 13646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен кубулжума жилингир – 11695,9 тонна, бакма каңылтыр – 339,3 тонна, Башка түрлөрү – 1611,2 тонна; -Ы сык-Көл облусунда бардыгы 3308,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -2962,9 тонна, бакма […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары рыногу учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп жаткандыгы айтылат. Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардан көз каранды, Кыргыз Республикасына […]Читать далее
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсында трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча компаниянын көмөк чордондорунда көлөмдүү иштер жүргүзүлдү. Алсак, республика боюнча 35-110-220 кВ жогорку чыңалуудагы 41 көмөк чордондо трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуусу 418,2 МВА түздү, анын ичинде: ✓ Бишкек шаары – 264,7 МВА; ✓ Нарын облусу – 50,7 МВА; ✓ Ысык – Көл облусу – 49,7 МВА: ✓ Ош […]Читать далее
300 миңден ашуун кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүү жарандык позициясын көрсөтүшүп, Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышып жатышат. Акыркы 4 айда кызыктыруучу лотереянын катышуучуларынын саны 68 миңге көбөйүп, бүгүнкү күндө 306 миң 21 адамды түзүүдө. Лотереянын катышуучулары 9,1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешип, 8,1 млн ID-номери ыйгарылган, алардын ар бири лотереяга катышат. Эскерте […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 53432 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы сентябрь айында 3864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Кыргызстанда 23.10.23 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 115 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Бишкек шаарында жалпы 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.Читать далее
Ош шаарында И. Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов аталган билим берүү мекемесинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, келечекте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мындай долбоорлор башкаларга үлгү катары болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, долбоорго ылайык сапаттуу аткарылышын […]Читать далее