Ленин районунда бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Комиссиянын курамына райондун акимиаттын, МАБдын, РИИБнин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кирди. «Дельфин», «Фламинго», «Парус», «Дениз», «Максимум», «Ак-Кеме» деген 6 жеке бассейнди текшердик. Рейддин жыйынтыгында текшерүү учурунда «Дельфин», «Палус», «Дениз» куткаруучуларында документтери, тактап айтканда, суучулдарды даярдоо борбору тарабынан […]Читать далее
2022 – жылдын ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги пилоттук режимде “Түндүк” порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү онлайн тариздөө жаңы сервисин ишке киргизди. Жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнү киргизүү жарандарга үйүнөн чыкпастан жана калкты тейлөө борборуна барбастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөөгө жана алууга мүмкүндүк берет. Сервис төмөнкү кызмат алууларга мүмкүндүк берет: – туулгандыгы тууралуу акт […]Читать далее
Бүгүн ӨКМдин Ысык- Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин жетекчилиги менен ыкчам топ Эңилчек айылынын жашоочуларынан жана жайыттардагы малчылардын абалынан кабар алууга аттанышкан. Себеби, бул аймакка каттаган жолго кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган. КР ӨКМ пресс-борборунун маалыматына ылайык, Каракол — Эңилчек унаа жолу 24-майда кечки саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылган. Белгилей кетсек, 24-май […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиа каттамын аткарды. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам 169 жүргүнчү учуп кетти. Эсиңиздерге салсак, аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына 8 каттам аткарышат – күн сайын. Аталган авиакомпания Бишкек […]Читать далее
Бүгүн, А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо башталган капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Стадиондо долбоор боюнча, 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот. Бүгүнкү […]Читать далее
Бүгүн Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын протоколдук тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу имараттар менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Анын алкагында Ы.Монуев, Г.Айтиев, А.Мамыров, Н.Исанов көчөлөрүнүн боюндагы объектилер текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын муниципалдык менчик […]Читать далее
2023-жылдын 22-майынан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады. Натыйжада, Кыргызстандан Орусияга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу – дүйшөмбү күндөрү аткарылат. Биринчи авиакаттам менен Красноярскга 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагындагы жүргүзүлүп жаткан “Жашыл Мурас” улуттук компаниясын аткаруу максатында Тоӊ токой чарбасы тарабынан Карала-Арча, Шатылы участкаларына 3 гектар жер аянтына 840 даана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул иш-чарага Тоң район жетекчилиги, мекеме ишканалардын жетекчилери жана Тоң токой […]Читать далее
Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы фактылары боюнча рейддер улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Борбор калаада юридикалык жана жеке жактар жерди пайдалануу, тазалык тартиптерин, жашыл зоналарды коргоонун тартибин жана тышкы көрктөндүрүү жаатындагы нормаларды жана талаптарды бузууда. Муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба субъектини текшерип, тазалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.03.2023-ж. №131-т Тескемесин аткаруу максатында, курулуп жаткан имараттарды жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү: – Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги “Авангард сити” көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, “Авангард Стиль” […]Читать далее