Баткен облусунун өнүгүү программасына – 500,0 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды. 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90,2 млн сом бөлүндү. Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар: – Теңдөөчү трансферт – […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев кызматкерлери менен автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча рейд өткөрүп, каттамдарды текшерүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана автобус айдоочуларына накталай акча алууга тыюу салынып, эскертүүлөр берилди. Белгилей кетсек, автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7299 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 278,1 млн сом суммасында жеңилдетилген […]Читать далее
Ош областынын Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган. Жыйынтыгында, 87 млн. 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында Кара-Балта шаарында КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С Жумагазиев, Жайыл районунун акими Т.К. Түркбаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты. Жаңы […]Читать далее
Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын гендердик тобунун глобалдык директору Хана Брикси менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу 2024-2030-жылдарга карата гендердик стратегия боюнча консультациялардын алкагында өттү. Министрдин айтымында, учурда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты. Жаңы ачылган балдар бөлүмүндө педиатрлардан тышкары ЛОР, невропатолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бейтаптарды кабыл ала башташты. Министр эне менен баланын ден соолугу КР Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, ал […]Читать далее
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Ош аймактык кеңсесинин башчысы А. Сулайманова баштаган уюмдун өкүлдөрү менен жолукту. Жыйындын жүрүшүндө абанын булганышынын балдардын жана аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу максатында экологиялык ченемдерди сактоо, булганууга каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. ЮНИСЕФтин адистери мындан ары жергиликтүү бийликке тиешелүү сунуштарды […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Астана шаарында Борбор Азия жана Индия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин 2-жолугушуусуна катышты. Салтка айланган иш-чара регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул форматтын алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулоону камтыды. Өз сөзүндө Марат Иманкулов учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен тиешелүү чараларды иштеп […]Читать далее