9-октябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу жыйынтыкталды. Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Эл аралык Дельфы комитетинин Директору Владимир Понявин, Кыргыз Республикасынын Дельфы комитетинин төрагасы, Кыргыз эл […]Читать далее
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери менен биргеликте коммерциялык имараттарда ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүргүздү. Рейд үчүрунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы суу түтүктөрдүн, эсептегичтердин туура иштешине, пломбалардын болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, «Классик» мейманканасынын суу […]Читать далее
Ноябрь айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс ала турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келет. Буга чейин Министрлер Кабинети 6-ноябрды (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишембиге) жылдырууну бекиткен. Ошентип кыргызстандыктар 4-8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.Читать далее
2022-жылдын 14-18-сентябрында Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуялардын жыйынтыгында Ички иштер министрлигине тиешелүү болгон бир катар имараттар талкаланып, пайдаланууга жарабай калган. Өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, быйыл ал имараттардын айрымдары оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилсе, калган имараттар оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп жаткан учуру. Алар ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн Интернационал, Көк-Таш айылдарындагы, башкы суу […]Читать далее
Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро (665 миллион сом) которду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана. Бул программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Усубалиев Нурсултан Таалайбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн. Элдик Курултайда экология, ыш-түтүн жана таштанды маселелери боюнча 8 маселе көтөрүлгөн. Бул маселелер боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлдү: “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы тарабынан таштанды полигонунда өрт коркунучуна дуушар болгон участокту жөнгө салуу […]Читать далее
Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40дан […]Читать далее
Борбор калаада ШКУнун саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул иш-чараларды Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБ, электросамакаттарды ижарага берүүчү «Аренда сервис», «To Go», ЖЧК «Абрикос» («e-motion»), Promo Express” (“Sunrent”) ЖЧКнын өкүлдөрү талкуулашты.12-октябрда таңкы саат 00:00гө чейин делегациялардын каттамдарына бир күнгө чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн […]Читать далее
“Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт”, – деп кайрылуу жасады Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу. “Урматтуу кыргызстандыктар! Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган […]Читать далее