2023-жылдын 19-июнунда Орусиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Екатеринбург-Ысык-Көл-Екатеринбург багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачууну максат кылууда. “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Екатеринбургга каттамдар жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз.Читать далее
“Бишкекгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, абоненттердин жаңы газ түтүгүнө кошулушуна байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндөгү абоненттерге газ берилбейт. 21-июндан 9-июлга чейин газ болбойт. Ар бир этап аяктаганда гана , абоненттерге кезеги менен газ бериле баштайт. “Бишкекгаз” жарандарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жаңы газ түтүгүнө кайра кошулуу жаратылыш газын ишенимдүү […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылышына катышты. Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу […]Читать далее
Июнь айында 20 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары 500 мектептин жана 25 коомдук китепкананын жайкы лагерлерине барды. Балдар лагерде окуу жана эсеп көндүмдөрүн өркүндөтүшөт, бул алардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Лагерлер USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган. USAIDдин долбоору мугалимдерге оюн тапшырмалары менен колдонмону иштеп […]Читать далее
2023-жылдын 30-июнунда ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат.Читать далее
16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Иран менен Кыргыз Республикасынын курама командасынын ортосундагы Борбордук Азия футбол Ассоциациясынын (ЦАФА/CAFA) биринчи турниринин беттештери өтөт. Анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миңден ашуун кызматкери тартылат. Урматтуу күйөрмандар Бишкек ШИИББгы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып […]Читать далее
Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда “Бишкексууканал” ӨЭБсынын кызматкерлери борбордогу 49 миңге жакын үй ээликтерин текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 302 мыйзам бузуу аныкталган. «Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» бузгандыгы үчүн суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин мыйзам бузууларына 8 миң 231,76 сом өлчөмүндө эсептелген. “Бишкексууканал” ӨЭБсынын контролёрлору ичүүчү […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Поезддин курамында 7 вагон бар, 185 жүргүнчү түштү. Жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек – Балыкчы поезди ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турат. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника […]Читать далее
2023-жылдын 15-июнунда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Талас» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш аянтына келечек урпактарга кайрылуусу жазылган кутуча салды. Курулуш иштер КР Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан […]Читать далее
2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де […]Читать далее