Чуй облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 79,6млн сом суммасында 51 долбоор каржыланды. Алар: – 25 мектепке – 39,3 млн сом; – 1 саламаттык сактоо мекемеге – 2,4 млн сом – 8 Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 13,1 млн сом; – 2 спорттук курулуштарга – 2,4 млн сом; – 10 маданий […]Читать далее
Эртең, 10-ноябрда саат 12:00дө Жаштар күнүнө карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында «Жашар 2023» жаштар фестивалы өтөт. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Борбордук Азиядагы билим берүү дебат ассоциациясы» коомдук фонду (IDEA) ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте «Жашар 2023» платформасын […]Читать далее
Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы. 2024-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер “РСК Банк” банкына баштапкы 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, каалаган аймактык операторлорго КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга 2 миң доллардын квитанциясын жана каттоого […]Читать далее
Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошонун […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар. […]Читать далее
Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунан россиялык турист куткарылды. 4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти КР ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн. Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине […]Читать далее
Бүгүн, Кара-Суу шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Кара-Суу мамлекеттик администрация башчысы-аким Жакыпбек Субакожоев, Кара-Суу шаарынын мэри Арстанбек Жолдошов, айыл өкмөт башчылары жана мекеме иш-каналардын жетекчилери, ардагерлер, шаар тургундары катышты. Иш-чарада Кыргызстандын түптөлүшүнө өзүнүн салымын кошкон тарыхый инсандардын эмгектери менен эрдиктери […]Читать далее
КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев экономикалык кызматташтык уюмунун Өзбекстанда өтүп жаткан бешинчи бизнес-форумуна катышууда. КР СӨП Президенти өз сөзүндө бул бизнес-форум жемиштүү ишкер байланыштарды өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет деп белгиледи. Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойт жана аларды мындан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр. Темир Сариев […]Читать далее
Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда “Ватсап” группалардан аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап жаткандыгы тууралуу маалымат, 2023-жылдын 6-ноябрь күнү маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду. Белгилей кетсек, 7-8-ноябрда өлкөдө […]Читать далее