Бүгүн, 14-ноябрь, саат 9:00 гө карата ажылыкка барууну каалаган 6524 киши 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы РСК банкынын филиалдарына төктү. РСК банкына баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган. Алгачкы төлөм кабыл алуу башталган күнү 5347 киши каражат төксө,10-ноябрь күнү 5947 кишиге жеткен. Ал эми кечээ, 13-ноябрь күнү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Минкаб Төрагасынын орун басары бул сыяктуу иш-чаралар аялдар үчүн жумуш ордун көбөйтүүгө жана улуттук экономиканын кирешесинин жогорулатууга түрткү берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп белгиледи. «Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана […]Читать далее
14-ноябрда “Мекендештер-2023″форуму өтүүдө. Форумга дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген делегациялар катышууда. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, чет өлкөдөгү мекендештер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, […]Читать далее
Борбор калаанын “Касым” конушунда пилоттук долбоордун алкагында №1 бала бакчада кошумча 180 орун ачылды. Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов катышты. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өлкөдө өсүп келе жаткан муундун билим жана […]Читать далее
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон дагы 40 мектепте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. 100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылында Эркинбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Мектепти куруу 2021-жылы республикалык бюджеттин […]Читать далее
2023-жылдын 9 айында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 4 миллион 181 миң 490 жүргүнчүнү тейледи. Эл аралык каттамдарда 2 миллион 991 миң 414 жүргүнчү, ички каттамдарда 1 миллион 190 миң 076 жүргүнчү учту. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч дээрлик 50%га өскөн. Көрсөтүлгөн мөөнөттө «Манас» эл аралык аэропорту» ААКда 32 миң 190 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев борбор калаанын «Касым» жаңы конушундагы пилоттук долбоорду – «Шоола» бала бакчасын ишке киргизүү иш-чарасына катышты, анын алкагында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча инновациялык чечимдер киргизилген. Минкаб Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, мектепке чейинки билим берүү – билим берүү системасынын алгачкы жана […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаары боюнча “Социалдык контракт” программасынын аткарылышынын жүрүшүн текшерди. Министр өз ишин ачуу үчүн мамлекет менен келишим түзүп, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөргө тандап барды. “Программанын жүрүшүндө борбордогу 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосу менен бизнес башташты. Алардын 312 же 68% ашыгы тигүү цехтерин ачышкан. Бүгүн […]Читать далее
Кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин
Кыргызстандын жашоочулары вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу менен акысыз текшере алышат. Азыркы учурда Кыргызстанда, башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министринин 27.10.2023-ж. №1273 буйругу менен Улуттук […]Читать далее
2023-жылдын 14-ноябрында түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде абанын температурасы 0… -2° чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге, жабылбаган картошкага коркунуч жаратат.Читать далее