Кечээ, 2023 – жылдын 1-августунда саат 21:18де “Балыкчы-Бишкек” каттамында Дмитриевка – Кант станциясынын участогунда №609-поездде окуя болгон. Окуяга себепкер болушкан белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан. “ВИП”, “Люкс” вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. “Кыргыз […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2023-жылдын II-жарым жылдыгына карата милдеттери, Ысык-Көл, Тоң райондук мамлекеттик администрациялардын, Каракол шаардык мэриясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулап жана пикир алмашуу менен Ысык-Көл облустук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөндөгүлөр […]Читать далее
2023-жылдын 1-августунда Бишкек шаарын ыштан арылтууну алдын алуу максатында ЖЭБдин айланасында Казакстандан келген Д маркасындагы 12774 тонна Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясын текшерүү максатында экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери менен биргеликте көмүрдүн үлгүлөрүн анализге өткөрүү үчүн алынды. Көмүрдүн сапатына контролду күчөтүү үчүн жыл сайын жылытуу мезгилинин башталышы менен ЖЭБде көмүрдүн сынамыктарын алуу үчүн экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери […]Читать далее
С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасына жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын кереметтүү жаратылышын, кооз жерлерин чагылдырган “Ата Журттун ажары” парк-аллеясы курулууда. Аллея Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата бүткөрүлөт.Читать далее
Соңку жылдары дүйнө жүзүндө климаттык өзгөрүүлөр орун алып, анын кесепетинен суу тартыштыгына негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Кыргызстандын бардык дыйкандары жакынкы мезгилде сууну үнөмдөөчү системаларды жана инновациялык технологияларды колдонуулары өтө маанилүү, ага өзгөчө көңүл бурулушу керек. Башкача айтканда, тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системаларын изилдеп, аларды келерки жылдын башында пайдалана баштоого убакыт келди. Ошондуктан, Айыл чарба […]Читать далее
20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат
Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген. Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын […]Читать далее
31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда “Жибек Жолу” бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын музей фонду көбөйүүдө. Жарым жыл ичинде ар кандай багыттагы 212 музей буюму менен толукталды. 2023- жылдын жарым жыл ичинде 48 музей буюму калыбына (реставрация) келтирилди. Жалпы музейлер тарабынан 373 998 жаран кабыл алынып, жалпы 223 көргөзмө уюштурулду. 212 ар кандай багыттагы жаңы музей буюму менен толукталып, заман талабына ылайык, 3 800 музей буюму […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында […]Читать далее