Быйыл, Ош облусу боюнча жалпысынан 44 бала бакча пайдаланууга берилди, жыл аягына чейин 60тан ашыруу пландалууда. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Папан айылына иш сапары менен барып бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул иш-чара айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана сапаттуу билим берип, келечек ээлеринин бакубаттуулугуна […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов Орусиянын Новосибирск шаарынан келген Жаңы медициналык технологиялар борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. М.Исраилов Ош шаарынын мэринин жана жалпы шаардыктардын атынан 1 жаштан 15 жашка чейинки 42 балага жүрөк-кан тамыр ооруларына акысыз операцияларды ийгиликтүү жасаган орусиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга багытталган […]Читать далее
Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350,0 млн сомду түзүүдө. 2023-жылдын 23-ноябрына карата Долбоордун алкагында Баткен облусунун 251 ишкердик субъекттерине 211,5 млн сом суммасында жеңилдетилген […]Читать далее
2023-жылдын 23-ноябрында (23.11.23) республика боюнча 193 жуп расмий түрдө баш кошушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 37 жуп баш кошушса, алардын 21 Бакыт Өргөөсүндө баш кошушту. Ал эми Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө 5 жуп баш кошушту.Читать далее
Агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4040 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү. Алар: – «Айыл Банк» ААКна – 11,1 млрд сом; – «РСК Банк» ААКна – 5,9 млрд сом. Банктарга бөлүнгөн бул каржаттар агроөнөр жай ишкерлерине […]Читать далее
Бир айдын ичинде 14 миң 514 салык төлөөчү “жеке салык кабинети” аркылуу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз тууралуу маалымкатты онлайн режимде алышты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымкат алуу үчүн жалпысынан 23 миң 195 суроо-талап келип түшкөн. Алардын ичинен 14 миң 514ү берилген, 8 миң 327си боюнча баш тартылган, ал эми 354ү […]Читать далее
Бишкек шаарынын ЖЭБ-1 аймагында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Жыйынга мэрдин турак жай-коммуналдык маселелер боюнча орун басары, төрт райондун башчылары, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ЖЭБ-1, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «КУЭТ» ААКсы ж.б катышты. Мэр турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директорунун күз-кыш мезгилине даярдык боюнча отчетун укту. Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору жылуулук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен Каракол шаарында “Биздин балдар. Коопсуз чөйрө” аттуу социалдык форум өткөрүлдү. Жыл сайын 25-ноябрда кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет, аны менен “Зомбулукка каршы 16 күн” дүйнөлүк акциясы башталат. Кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча 16 күндүк өнөктүктү […]Читать далее
2014-жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылындагы “Кызыл-Талаа” мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Жаңы мектепте окуучулар […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюджети тууралуу маалымат берип жатып, акыркы жылдары транспорт жана жол тармагында жасалган иштер туурасында кыскача айтып өттү. Төрага соңку эки жылда 1386 чакырым жолго асфальт төшөлүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын жаңылоо үчүн атайын техникалар алынып келингенин белгиледи. Ошондой эле […]Читать далее