Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан 2023-жылдын туристтик мезгилинин алкагында ар бир дем алыш күндөрү автобекеттерде жана жолдордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугуп, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында […]Читать далее
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 168 суроо-талап жиберилген, 165 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү […]Читать далее
Бүгүн Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө КДМБнын “Эдельвейс” кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен. Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат. Эске салсак, “Семёнов — Тянь-Шанский” чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-августта, Дүйнөлүк көчмөндөр Модасы фестивалынын 5-сезонунун ачылышына катышты. Беш жыл ичинде Кыргыздын желегин 50гө жакын мамлекетке көтөрүп, кыргыз модасына таанытып, салттуу кийим, мода индустриясын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Назира Бегим жана башка уюштуруучуларга Мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирди. Кыргызстанда “Дүйнөлүк көчмөндөр” мода фестивалы 2017-жылы эл алдында көрсөтүлө баштаган. Аталган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштады. Мындай кадам аймактагы китепканалардын ишин натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталып, агартуу уясынын көп тармактуу иш алып баруусуна негизделет. Ишти комплекстүү өнүктүрүүнүн алгачкы аракети катары министрлик тарабынан атайын түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусундагы айылдык жана мектеп китепканларын мониторинг жүргүзүп, китепканалардын бүгүнкү абалы, […]Читать далее
Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкулов мектепке чейиники билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. №31 бала бакча 105 орунга ылайыкталган. Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле ашканадан турат. Негизги имараттын аянты 993 чарчы метр Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзам полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө (ташып кирүүгө, өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга) тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү […]Читать далее
Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилерден муниципалдык аймакты бошотушту. ЦУМ соода борборунун жанындагы Шопоков көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүч жана батуттар алынды. Чүй проспектисинде жана Шопоков көчөсүндө башаламан сооданын алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүп жатканын эскертебиз.Читать далее
Нарында отказандарды кышка даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Президенинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. 9-августта КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикме филиалындагы кышка даярдык иштеринин абалын көрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Аталган жылуулук ишканасы Нарын […]Читать далее