Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) – 500,0 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды. Ишкерлерге бюджеттик кредиттер 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90,2 млн сом бөлүндү. Бюджеттер аралык трансферттер Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары […]Читать далее
Бүгүн, 14-сентябрда “Газпром Кыргызстан” Жоопкерчилиги чектелген коомунун «Жалалабатгаз» филиалы тарабынан газга болгон карызын төлөбөгөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылды. Аталган мекемеден билдиришкендей, газга болгон төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөгөн учурда бир ай эскертүү берилет. Ошол аралыкта да төлөбөй кечиктирип жүрө бергендерге туум кошулат. Ал эми жогорудагы эки мүмкүнчүлүк берилген учурда дагы төлөбөй жүргөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылат. […]Читать далее
Женева шаарында БУУнун Баланын укуктары боюнча Комитетинин кезектеги 94-сессиясында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева жетектеген кыргызстандык делегация БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык Кыргызстан тарабынан алынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кабыл алынган мыйзамдык жана административдик чаралар жөнүндө Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү өлкөлүк баяндаманы сунуштады. Баланын укуктары жөнүндө Конвенция (КПР) 1989-жылдын 20-ноябрында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду. Бул келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты жана аталган келишим […]Читать далее
Мындай жыйынтык “социалдык келишим” долбоорунун алдын ала жыйынтыктарына жүргүзүлгөн мониторингде камтылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мониторингдин маалыматтары боюнча “социалдык контракт” долбоорунун 10 миң катышуучусунун 95,6% аялдар түзөт. Ошол эле учурда Ош облусунда аялдардын катышуусу жалпы катышуучулардын 99,4% түзөт. Алардын ичинен 7,5 миңден ашууну Айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырышат, 1,3 миңден ашууну […]Читать далее
2023-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен «China Energy Engineering Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Электр станцияларын курууга жана аларга жабдууларды чыгарууга адистешкен компания Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагында компанияга берилчү жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маселелер талкууланды. Улуттук агенттиктин […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырылып, реконструкция иштери жүрүп жатат. Реконструкциянын алкагында авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылууда. Учурда Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп районунун Балбай, Түп, Сары-Тологой айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында СИП зымдыран орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Алдыда Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда СИП зымдарын орнотуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгендигин кубануу менен кабарлайбыз. Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын демилгеси менен иштелип чыккан жана «РСК Банк» ААК платформасында ишке ашырылган. Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин “Унаа” ММнин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш […]Читать далее
ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суучулдары көлдүн түбүндө кезектеги тазалоону кызуу улантышты. Жайкы мезгилдеги эс алуудан кийин көл жээги, суунун түбү кайталанып тазаланууда. Акыркы 8 күн ичинде “Радуга Батыш”, “Дордой” жээктерин, Кош-Көл айылындагы «Коворкинг – резорт Акжол», «Кыргыз таңы», «Волвет курорту» пансионаттарынын жана Тору-Айгырдагы “Голливуд лагери», «Маяк», “Джордж Джованна” лагерлери, Балыкчы шаарынын тушундагы көл түбү текшерилди. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасына ылайык, 9 объектиде: «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек Турбаза», «Бакай-Ата», «Ала-Арча», “Төкөлдөш”, “Попеновка”, “Жогорку Көк-Жар” жана Товарная көчөлөрүндө газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландалган узундугу 58,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 13 ,5 км (23%) «Ала-Арча», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза», «Ак-Тилек-2», «Бакай-Ата», «Төкөлдөш» конуштарында курулуш иштери жүрүп жатат. Даярдоо […]Читать далее