Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек министри Гүлнара Баатырова билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова №100 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземине катышты. Окуучулар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон электрик жана электргаз ширетүүчү кесиптерге ээ болушту. Анын айтымында, Эмгек министрлиги эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн 100 […]Читать далее
Бүгүн, 19-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкектеги Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Ведомстводон билдиришкендей, ооруканада министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди. Министрдин тапшырмасы менен Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. 2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүүдө. “Учурда биз төлөмдөрдүн эң жогорку стадиясындабыз жана бул этаптан ишенимдүү өтүү үчүн бюджет саясатын профицитти түзүү менен болжолдоп жатабыз, бул бизге карызды кошумча […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат. “Бугүнкү күндө энергетика тармагынын бюджетке карызы дээрлик 146 млрд сомду түзөт”, – […]Читать далее
2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. “Келерки жылы бюджет профицит менен аткарылат. Бюджеттин алгачкы долбоорунда 19,6 млрд сомго жакын профицит каралган. Андан соң, парламенттеги талкууда министрликтердин кошумча чыгымдары боюнча айтылып, муну эске алуу менен профицит көрсөткүчү 10,9 млрд сомго өзгөрдү”, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдарын реформалоо боюнча иш-чараларынын алкагында, ошондой эле ишкерлерди колдоо максатында УКМК тарабынан Ош шаарындагы жана Ош облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ири базарлардын ээлери бул демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты […]Читать далее
2023-жылы 900 миңге жакын жаранга булут электрондук кол тамгасы берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Министрдин айтымында, анын ичинен 300 миңи онлайн режиминде алышкан. Кутнаева мындай мүмкүнчүлүк ушул жылдын сентябрь айынан тартып мүмкүн болгонун кошумчалады.Читать далее
“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 159 кызмат жеткиликтүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери портал жана мобилдик тиркеме аркылуу онлайн режиминде 8 миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү. “Учурда “Түндүк” тиркемесин жүктөп алгандардын саны 1,2 млн адамды түзөт. Ал аркылуу жарандарга Кыргызстандын аймагында юридикалык […]Читать далее
Кыргызстанда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасына 2 миң уюм кошулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, аталган системаны колдонуучулардын саны 120 миңден ашкан. “2023-жылы системада 12 миңден ашык документ катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир жылда мамлекет 382 млн сом үнөмдөгөн”, – деди министр.Читать далее
2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары Бишкек шаардык ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын бардык өздүк наркынын деңгээлинде төлөм жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрилигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин буйругуна ылайык 2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары болгон Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана берилген жылуулук энергиясына болгон тарифтер […]Читать далее