Республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында “Санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары” маалымат системасы ишке ашырылууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 20 миңден ашык убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Ошондой эле санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары юридикалык күчкө ээ, тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Маалымат үчүн: Убактылуу эмгекке […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Анда Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекет үчүн кооптуу деп табылган кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочо кармоо-өзгөчө атайын милдет экенин айтып, шаар ичиндеги абактарды шаардын сыртына чыгаруу саясаты жүрүп жатканын белгиледи. “Ушул биз […]Читать далее
Быйыл 2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрында чыккан №643-т тескемесине ылайык аталган долбоор бекитилген. Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин […]Читать далее
Бүгүн, 25-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы башталды жана ал 30-декабрга чейин уланат. 25-29-декабрдагы утушка 18 млн 173 миң 997 ID-номер менен 409 миңден ашуун адам катышууда. Лотереянын катышуучулары “Салык чек” тиркемеси аркылуу 18,7 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти. 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 13.00. 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуш саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган. Андан тышкары: автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64; жөө жүргүнчүлөр […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагында 23-декабрда ишемби күнү жаңы «Кашкулак» лыжа базасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Жаныбек Кубандыков, облустун кадырлуу аксакалдары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, КРнын Туризимди өнүктүрүү жана колдоо фонду катышты. […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотууну баштады. Салык кызматынан кабарлашкандай, утуш 30-декабрга чейин улантылат. 25-декабрдан 30-декабрга чейин төмөнкү байгелер ойнотулат: 521 — iPhone14; 519 — смартфон; 158 — ноутбук; Дайсон маркасындагы 21 фен. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13.00. Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуштар саат […]Читать далее
Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген. Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее
Бишкекте эртең, 26-декабрда “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн. Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгына болгон төлөмдү өз убагындоо төлөөгө чакырат. Ишкананын сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасында бардык абоненттер электр энергиясы үчүн болгон карызын көрө алышат. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда болгон рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мунайзаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу фактыларын аныкташты. Тактап айтканда, Токмок шаарында 4,5 тоннадан ашык эсепке алынбаган күйүүчү май менен транспорт каражаттары кармалган. Продукция тартып алынып, унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Салык кызматы ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоосун камсыздоо үчүн мунайзаттарды мыйзамсыз […]Читать далее