Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке киргизди. МСКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат. Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан “Каттоо” бөлүмүн тандап, андан кийин “Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү” бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн төмөндө […]Читать далее
Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын”, “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” жана жеке ташуучу компаниялардын жоопту кызматкерлери жана бригадирлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттогу GPS трекерлердин иштешин көзөмөлгө алуу, трекерди өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктап чара колдонуу, […]Читать далее
Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71,5 сом болууда. “Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63,5 сомдон дизель отуну берилип […]Читать далее
2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз билдирди. Аталган гранттык каражаттар КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү […]Читать далее
Кытайлык Junxin Environment Protection компаниясы Бишкекке таштандыларды өрттөөчү ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегациясы мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Кытайдын Чанша шаарында курулган экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection ири заводунун иши менен таанышты. […]Читать далее
Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн “Китеп искусствосу” эл аралык сынагында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жеңүүчүлөр менен жолугуп, эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады. Белгилесек, 2023-жылдын аягында Россиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл […]Читать далее
Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө. “Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары аныкталды. Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май (КММ) рыногундагы ички рынокто баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2024-жылдын 8-январына карата АИ-92 бензининин республика боюнча орточо баасы литрине 63,03 сомду, дизелдик майы 70,9 сомду/литрди түзөт (КР УСК маалыматы боюнча). Аи-92 бензининин дүйнө жүзү боюнча орточо баасы 2024-жылдын 8-январына карата литрине […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер силкинүү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген эмес.Читать далее