Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын декабрь айында Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылды: чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча барган өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү менен 81 жолугушуу өткөрүлдү; 26 762 консулдук кызматтар жана консулдук […]Читать далее
Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты, анын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат. “Салык чек” тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон калат. Жакынкы арада Салык кызматы жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттарын жана байгелердин […]Читать далее
Шаардык муниципалитетте мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исмановдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформаны пилоттук режиминде борбор шаардын дэңгээлинде ишке ашыруу боюнча биринчи кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Чүй облусунун Аламүдүн жана […]Читать далее
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу кайгыруу менен билдирүү жасады. УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды. “Урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборуна күнүнө 6-7 миң тоннадан көмүр түшүрүлүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп, калкты жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда. “Күн сайын ишканага 6-7 миң тонна, орто эсеп менен 90 вагон жана 15 оор жүк ташуучу унаа менен көмүр келип […]Читать далее
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 11-январь күнү Токмок, Кант шаарлары жана Ысык-Ата районунундагы көмүр сатуучу жайларына мониторинг жүргүзүштү. Көмүрдүн баалары туруктуу жана белгиленген баадан жогорулатылган фактылар жок. Көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн запасы жетиштүү. Сатуучуларга көмүрдүн көлөмүн ченөөчү таразалар боюнча маалымат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, […]Читать далее
Бүгүн, 11-январда КР Энергетика министрлиги, “Кыргызстан-Кагошима” достук ассоциациясы жана япониялык “SENTO GROUP Co., Ltd” компаниясынын ортосунда көмүр тармагындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Энергетика министрлигинен билдиришкнедей, документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Кыргызстан-Кагошима” достук ассоциациясынын директору Оно Сумиёсу жана “SENTO GROUP Co., Ltd” компаниясынын директору Курэнума Синтаро кол коюшту. Меморандум президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын […]Читать далее
Энергетика министри Т.Ибраев Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратында КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, акимдер, шаардык Кеңештин депуттары, айыл өкмөттөр, Токой жана суу чарбасынын өкүлдөрү жана инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү. Тараптардын өткөргөн жыйынынын […]Читать далее
Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 67,2 миң тонна үрөн керектелсе, анын 56 миң тоннасы топтолду, башкача айтканда бул 83,3%ды түзөт. Жетпеген үрөндөр Россиядан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация […]Читать далее