Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйынына катышууда. Иш чарада Башкы прокурор К.Т.Зулушев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүдө, кылмыш иштери боюнча мамлекеттик аралык укуктук багытта көмөк көрсөтүүдө, мыйзамдуулукту, укук тартибин камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. […]Читать далее
Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 48,2 млн сом суммасында 39 долбоор каржыланган. Алар: – 20 мектепке – 22,9 млн сом; – 5 Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 11 млн сом; – 4 спорттук курулуштарга – 4,3 млн сом; – 6 маданий маанидеги объектиге – 5,4 млн сом; – 4 бала бакчага – 4,6 млн […]Читать далее
Бүгүн 9 ноябрь күнү саат 13:45 Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.Читать далее
Билим берүү мекемелеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортименти жана санитардык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы текшерилди Рейддер муниципалдык администрациянын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын МСЭКБ жана билим берүү борборунун адистери менен биргеликте өткөрүлдү. Белгилей кетсек, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № […]Читать далее
Бишкек-Ош автоунаа жолунун “Сосновка” жана “Арал” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга бүгүн саат 11:40 чектөө киргизди. Аталган жолдун Ала-Бел ашуусунда каар калың жаганына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган. Жеринде №23 жол тейлөө кызматы айдоочуларга ыңгайлуу шарт жаратуу максатында жолго кум себүү жана карды тазалоо жумуштарын алып барышууда. Узак жолго чыккан айдоочулар “112” […]Читать далее
Чуй облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 79,6млн сом суммасында 51 долбоор каржыланды. Алар: – 25 мектепке – 39,3 млн сом; – 1 саламаттык сактоо мекемеге – 2,4 млн сом – 8 Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 13,1 млн сом; – 2 спорттук курулуштарга – 2,4 млн сом; – 10 маданий […]Читать далее
Эртең, 10-ноябрда саат 12:00дө Жаштар күнүнө карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында «Жашар 2023» жаштар фестивалы өтөт. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Борбордук Азиядагы билим берүү дебат ассоциациясы» коомдук фонду (IDEA) ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте «Жашар 2023» платформасын […]Читать далее
Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы. 2024-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер “РСК Банк” банкына баштапкы 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, каалаган аймактык операторлорго КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга 2 миң доллардын квитанциясын жана каттоого […]Читать далее
Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошонун […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар. […]Читать далее