Кыргызстанда жыл башынан жол эрежесин бузуудан мамлекетке 170 млн сом өндүрүлдү

 Кыргызстанда жыл башынан жол эрежесин бузуудан мамлекетке 170 млн сом өндүрүлдү

Жыл башынын бери Кыргызстандын аймагында 372 миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 170 млн 75 миң 395 сом өндүрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 4миң 836 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 143 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5миң 807 айдоочу;
  • жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 21миң 330 факты;
  • терезелерин караңгылаткан 1044 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген 189миң 323 айдоочу;
  • башка жол эрежелерин бузган 54миң 936 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31миң 690 унаа айып короо жайына токтотулган.

Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда төрт ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилге даярдануу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин соңунда ЖКККББнын жетекчиси орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды койду.

Связанный пост