Бишкек мэриясы борбор калаада жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын унаа жолдорунда жүрүүсүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө экенин эскертти. Маалыматка ылайык, чектөө 20-майдан 1-октябрга чейин, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот. Бул чаралар жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна […]Читать далее
Борбор Азия өлкөлөрү менен Түштүк Кореянын мамлекет башчыларынын катышуусундагы алгачкы саммит быйыл күзүндө Сеул шаарында өтөт. Жолугушууда эки тараптын мындан аркы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланат. Саммитке даярдыктын алкагында Кореянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан келген журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду. Пресс-турдун жүрүшүндө журналисттер Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чун И Хе […]Читать далее
Дан эгиндеринин түшүмү былтыркыга караганда жогору. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызы — 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң […]Читать далее
29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат. Айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили […]Читать далее
“Түндүк” ААК кыргызстандыктарды уюмдун атынан чалып же жазып, жеке маалыматтарын сураган шылуундардан сак болууга чакырды. Компаниядан билдиришкендей, “Түндүктүн” кызматкерлери жарандардан эч качан ПИН-кодун, сыр сөзүн, паспортунун же банк картасынын маалыматтарын сурабайт. Мындай чалуу же билдирүү алган жарандарга сүйлөшүүнү дароо токтотуп, суралган маалыматтарды бербөө сунушталат. “Түндүк” ААК менен байланышуу үчүн төмөнкү расмий номерлерди колдонсо болот: 0990 […]Читать далее
Айыл чарба тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөр жана түйшөлткөн маселелер болсо, жарандар министрге түздөн-түз кайрыла алышат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы тоскоолдуктар жана чечилбеген маселелер боюнча төмөнкү номер аркылуу кабарлоого болот: WhatsApp / Байланыш номери: 0555 750 750 […]Читать далее
Бишкек шаарында 21 социалдык көмүр кампа уюштурулуп, учурда көмүрдү кезек күтпөй сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, азыр көмүр сатыкта кеңири көлөмдө бар жана эч кандай кезек күтүүлөр жок. Бирок, “Кыргызкөмүр” тарабынан жарандар үчүн көмүр сатып алууда атайын жеңилдиктер каралган эмес. […]Читать далее
Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталды. “Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу […]Читать далее
Бишкек жана Чүй облусуна Кара-Кечеден майда көмүр жүктөөгө жол берилбейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Чүй менен Бишкекке Кара-Кечеден майда көмүр жүктөлбөсүн деген буйрук чыгарылып, көмүрдү алдын ала сорттоо иштери жүргүзүлүүдө. “Бүгүнкү күндө үч мобилдик сорттоочу комплексти койгонбуз. Алар көмүрдү иргеп, кесек көмүр […]Читать далее
Өлкөдө көмүр сатуу 12-августта башталып, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкек жана Чүй облусундагы көмүр кампаларга Кара-Кече көмүр кенинен казылып алынган көмүр жеткирилүүдө. “Көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен […]Читать далее