“Түндүк” ААК кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

 “Түндүк” ААК кыргызстандыктарды сак болууга чакырды

“Түндүк” ААК кыргызстандыктарды уюмдун атынан чалып же жазып, жеке маалыматтарын сураган шылуундардан сак болууга чакырды.

Компаниядан билдиришкендей, “Түндүктүн” кызматкерлери жарандардан эч качан ПИН-кодун, сыр сөзүн, паспортунун же банк картасынын маалыматтарын сурабайт.

Мындай чалуу же билдирүү алган жарандарга сүйлөшүүнү дароо токтотуп, суралган маалыматтарды бербөө сунушталат.

“Түндүк” ААК менен байланышуу үчүн төмөнкү расмий номерлерди колдонсо болот:

  • 0990 988 123;
  • 0707 988 123;
  • 0222 988 123.

Ошондой эле уюмга contactcenter@tunduk.gov.kg электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.

Связанный пост