Борбор Азия жана Түштүк Кореянын алгачкы саммити күзүндө Сеулда өтөт
Борбор Азия өлкөлөрү менен Түштүк Кореянын мамлекет башчыларынын катышуусундагы алгачкы саммит быйыл күзүндө Сеул шаарында өтөт. Жолугушууда эки тараптын мындан аркы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланат.
Саммитке даярдыктын алкагында Кореянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан келген журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду.
Пресс-турдун жүрүшүндө журналисттер Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чун И Хе жана анын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, энергетика, санариптештирүү, жасалма интеллект, билим берүү, саламаттык сактоо жана экология тармактарындагы кызматташтык талкууланды.
Корея тарап Борбор Азиянын жаратылыш ресурстарына, транспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө жана өнүгүп жаткан рыногуна кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Түштүк Кореянын технология, инновация жана өнөр жай тармагындагы тажрыйбасы маанилүү экени белгиленди.
Дипломаттардын айтымында, кызматташтыкты кеңейтүү заманбап технологияларды тартууга, өндүрүштү жаңылоого, экспортту көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Алгачкы саммит Борбор Азия менен Түштүк Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталат.