Бишкектин Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер буздурулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. Иштин жүрүшүндө 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү комиссиясынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен «Бейкут» ЖЧКсына […]Читать далее
2-февралда таңкы саат 03:00дө болгон Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун очогу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, жарылуунун күчү ушунчалык кубаттуу болгондуктан, айнек сыныктары менен шыйпырдын сыныктары жүз метрге чейин чачырап кеткен. Шамырканов белгилегендей, жарылуунун кесепетинен 650-680 метр чатыр толугу менен талкаланып […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 29-январдан 4-февралга чейинки аралыкта 21 мин 680 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 291; мас абалында автоунаа башкаруу – 367; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 57; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарасына КР энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышты. Министрдин орун басары Түркмөнстандын президентине, Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын […]Читать далее
Учурда Бишкек Жылуулук электр борборунун жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда ЖЭБде 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. “Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин болууда. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саатты түзүүдө”, – деди ал. […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 917 адам, 31 техника тартылды. Анын ичинде ӨКМдин 55 куткаруучусу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген. […]Читать далее
Кыргызстанда 106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Кыргызстанда баланын үй-бүлөлүк курчоого алуу укугун сактоо”аттуу тегерек столдо билдирди. “Биздин өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан үй-бүлөлүк тарбиялоонун альтернативдүү формаларынын бири фостердик үй-бүлөлөр болду. Аталган институт балдардын интернаттарга түшүүсүн алдын алууга көмөктөшөт, ал 2014-жылдан бери ишке […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды. Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоодо; ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, […]Читать далее
Мамлекеттик маанидеги бардык документтерди басып чыгаруу укугун алган “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому толугу менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымына караганда, аталган ишканада 65% мамлекеттин үлүшү болгону менен ушул кезге чейин өлкө казынасына дивиденд төкпөй келген. “Анткени туунду компанияларды ачып алышып, мамлекеттин үлүшүн ар кандай жол менен […]Читать далее
Бишкек шаарында жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат, деп билдирет ыкчам штаб. Маалыматка ылайып, бүгүнкү күндө Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди. Бул объектилер Пишпек районунда жана Ош базарына жакын жайгашкан. Температуралык режимди […]Читать далее