Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) орун алган авариядан жабыркаган эки жарандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Haberler басылмасы Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Дашка шилтеме берип жазып чыкты. “Чындыгында жарааттар абдан оор. 60%дан ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз дароо аларды дарылоого кириштик. Азыркы учурда бейтаптарды хирургиялык жана медикаментоздук дарылоо жүргүзүлүүдө. Дарылоо узак […]Читать далее
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. “Жылуулук тармактарында суунун температурасы 61 градустан 70 градуска чейин”, – деди ал. Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.Читать далее
Бүгүнкү күндө Бишкекте жылуулук бардык үйлөргө берилди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын директору Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, ысык сууну бардык колдонуучуларга бүгүн кечке чейин чейин берүү пландалууда. “Биздин жумушчулар азыр режимдерди калыбына келтирип жатат. Шаардыктардын көбү ысык суу өчкөн соң, суу жылытуучу бактарды иштетти. Эми суу берилгенде аларды өчүрбөй, же туура эмес […]Читать далее
Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19 инфекциясынын 5 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, жумасына экиден алтыга чейин учур катталып, коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Бешинчи жумада оорунун 5 учуру катталды. Алар – Бишкекте – 1, Ошто – 1, Ош облусунда – […]Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-жумасында (29.01-02.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7266 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрдан тарта 1 миң 597 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 608 кызматкер, 31 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын ичинде ӨКМден 50 куткаруучу 9 техника менен ЖЭБнин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 4 чатыр тигилген. […]Читать далее
Кыргызстан январь айында 13 миңден ашык баш мал экспорттогон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: – бодо мал – 7267 баш; – кой-эчки – 5631 баш; – жылкы –459 баш. Ал эми бул аралыкта өлкөгө 1140 баш мал импорттолгон. Анын ичинен: […]Читать далее
Бишкек ЖЭБдин аймагын авариядан кийинки курулуш калдыктарынан тазалоо иши 95% аяктады. Ыкчам штабдын маалыматына караганда, имаратты жылуулоо 65%га бүткөрүлдү. Жалпы кызматкерлердин коопсуздугу жана ден соолугу тыкыр көзөмөлгө алынып, тамак-аш менен камсыздалууда. Бүгүн саат 18:30гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды.Читать далее
Бишкекте Бишкекте SKY TUNUK холдингинин базасында SKY Industrial Group тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүрүү жана орнотуу боюнча завод ачылат. Бул тууралуу SKY INDUSTRIAL GROUP’тун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет. Заводдун ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына пландалган. Компания ЕК таза суу ресурстарына көз каранды болгон ар кандай тармактарды экономикалык өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы механизмин киргизет. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Жаштардын стажировкасы жаңы механизм болуп, анда аларга жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы төлөнөт. Практика жүзүндө кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, адистердин насаатчылыгы астында турмуштук көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет. […]Читать далее