“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы жаңы аялдама комплекстеринин долбоорлорун бекитти. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген. Борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалган. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. […]Читать далее
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат ветеринария үчүн вакциналарды сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, вакцина сатып алууга пландалган сумма 102 млн 334 миң 770 сомду түзөт. Ал эми конкурстук табыштамаларды 22-февралга чейин берүү зарыл. Шарп, чечек, күйдүргү (сибирь жарасы), чума (кара тумоо) жана башка ооруларга каршы вакцина сатып алуу пландалууда.Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лоторясынын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1 244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган. Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Анын жыйынтыгында 21 катышуучу […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа […]Читать далее
Бүгүн, 7-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 319 МВт түздү. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБинин башчысы Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, учурда 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. «Бишкекжылуулуктармактарына» өндүрүп берилген суунун температурасы 58 градустан 68 градуска чейин жетүүдө. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 7,5 млн кВт саат түздү», – деп кошумчалады ал.Читать далее
Бишкекте учурда бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, бардык турак үйлөр, ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. “Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы […]Читать далее
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААКсы Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу, агрардык секторго колдоо көрсөтүү, КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын […]Читать далее
Бишкекте прокурордук актынын негизинде мамлекетке 150 млн сом акча каражаты өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда прокуратура органдары тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды кайтарууга багытталган прокурордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Жогорку сотко караштуу Сот департаментине келтирилген прокурордук актынын негизинде, 2012-2019-жылдар аралыгында мамлекетке төлөөдөн баш тартып келген “А” ЖЧКсынын жетекчиси […]Читать далее
2023-жылы “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында бюджеттен 4 млрд 260,8 млн сом бөлүнгөн. Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөнкүлөргө багытталган: – Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500,0 млн сом; – Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия […]Читать далее
Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат. “Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу. […]Читать далее