Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 4 учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында -1, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган. Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-жумасында (05.02-011.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7216 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрдан тарта 1 миң 641 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 […]Читать далее
Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат. “Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 5-февралынан тартып, 11-февралга чейин, алдын ала маалыматтар боюнча өлкө аймагында 23 413 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын ичинен: -Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 345 айдоочу; -Мас абалында унаа башкарган 422 айдоочу; -Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 47 айдоочу; -Жөө жүргүнчүлөрдүн эреже […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын октябрь айынан бери 2021-22 жж Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркагандарга каралган ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-февралына карата бул төлөмдөрдү 99 адам алат.Читать далее
Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болду. Муфтияттан билдиришкендей, Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында бекитилди. Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү – үч уул, бир кыздын атасы. Билими: 1993-1998-жылдары […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү. Мындан сырткары, атайы […]Читать далее
Кыргызстанда “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасы аркылуу турак жай алуу үчүн кезекте тургандардын саны 19 миңге жакын. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутатарына айтып берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 млрд сомго 9 миң 346 насыя берилгенин маалымдады. “Учурда кезекте 18 966 жаран […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылы 13 миң 104 адам (32%) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан. Алардын 95%ы аялдар. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева ““Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо” улуттук форумунда айтты. Министрдин орун басары мындай сандар ИИМдин былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча берген көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи. “Жабыркагандардын санынын […]Читать далее
Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында боордош өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен жолукту. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын транспорт тармагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызматташтыктын бир катар багытаттары боюнча макулдашты. Алсак: соода экономикалык байланышты чыңдоо максатында эл аралык […]Читать далее