Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-февралда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартылганын маалымдады. Ведомствонун басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын тууралуу билдирет. Алсак, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде болгон көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыкты, ошондой эле жабыркаган имараттарды көрүштү. Маалым болгондой, штаттык эмес кырдаал […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2 мин 121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген. Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң 881 даананы түзөт. Маданий мекемелер толугу менен “Инфодокс” электрондук кат алмашуу системасына […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү. Негизги жетишкендиктердин бири болуп эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду. Система […]Читать далее
Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева аялдардын абалы боюнча комиссиянын 68-сессиясына (ААК68) даярдык көрүү боюнча Борбордук Азия үчүн көп тараптуу консультацияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Видеоконференцбайланыш форматында өткөн иш-чарада Асель Чынбаева Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган Кыргызстандагы гендердик теңсиздик жана […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-февралдан 14-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, элчи Ду Дэвэнь Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу колдоосу менен катын жолдоду. Тилектештиктин белгиси катары Синьцзяндын Элдик Өкмөтү 100 миң доллар суммасындагы […]Читать далее
Азыркы учурда Салык кызматынын маалыматтык системасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонгон 111 миң 449 ишкер катталган. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Алар тарабынан “ЭТТК” системасы аркылуу 15,7 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 12,5 млн, эсептен чыгаруу – 1,2 млн, алып өтүү – 751,9 миң, кириштөө боюнча – 1,2 млн. документ. Ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампалары активдүү иштеп […]Читать далее
Сокулук жана Аламүдүн райондорунда дагы 7091 “акылдуу” электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасынын адистери керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында “акылдуу” электр эсептегичтерин орнотууну улантууда. Белгилей кетсек, санариптештирүү иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча буга чейин 74 миң 137 даана акылдуу эсептегич орнотулган. […]Читать далее