7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши […]Читать далее
Эртең, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКнын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат. “Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон”, – деп айтылат […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өсүмдүктөрдүн зыяндуу жана зыянсыз экендигин аныктоо боюнча 40 миңге жакын экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, […]Читать далее
Бишкек шаарында 11 курулуш компаниясына айып салынды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, Муниципалдык инспекция тарабынан аларга протоколдор түзүлдү. Жанаша аймагын таштандыга толтурганы үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү курулуш компанияларына 13 миң сомдон айып салынды: – Фрунзе көчөсү, 466; “Кейджи Восток Сервис” ЖЧКсы; – Коенкөзов көч, 100; “Турпан Строй” ЖЧКсы; -Токтогул көч, 165 “Бай […]Читать далее
26-30-август аралыгында өлкө аймагында “Кооптуу жүк” аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп, күйүүчү майларды, жарылуучу заттарды, газ суюктуктарын, күйүп кетүүчү заттарды, уулу радиоактивдүү заттарды ташыган оор жана коопту унаалар текшерилди. Рейддин жүрүшүндө 73 коопту жүк ташыган унаалар текшерилип, аныкталган кемчиликтери үчүн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан тарта КР министрлер кабинетинин өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү: Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова. Алар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми өлкөгө жумуш, окуу же жеке […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдөр үчүн 388 977 миң сом суммасында каржылады. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, төлөмдөр 96 миң 934 балага түшкөн. Министрлик эскертет, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде […]Читать далее
Кыргызстанда мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом […]Читать далее
Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 645; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 259; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан (Россия) ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки баланы мекенге кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек […]Читать далее