Бүгүн, 20-январда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер үчүн бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерип, аларга жүктөлгөн программаларды көрүп чыкты. Министрликтен билдиришкендей, “Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган. Белгиленгендей, платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү […]Читать далее
Бишкек шаарынын негизги азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азыктарынын баалары туруктуу жана 2025-жылдын 21-январына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы (Аламүдүн, Орто-Сай, Ош ) азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн бири болуп саналган эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Аламүдүн базарында бодо мал эти 550-600 […]Читать далее
Түркияда өрттөн жабыркаган жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. “Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат суралды. Ал эми Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары […]Читать далее
Борбор калаа менен Чүй облусунда ыштын азайганы байкалууда. Жаратылыш министрлиги тарабынан дрон менен тартылган видеодо мурдагы жылдарга салыштырмалуу ыштын азайгандыгы көрсөтүлгөн. Буга карабастан ыш маселеси дагы да бар, бирок абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр 2021-жылдагы абалга салыштырмалуу азайган. Ыштын азаюусуна таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү, тигүү цехтеринин калдыктарын жок кылууну уюштуруу, 3 миңден ашуун маршруттук каттамдарды шаардан […]Читать далее
Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледи. Документке ылайык, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы токтому менен 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий- педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр белгиленди: илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн […]Читать далее
Өлкөдө кыргыз эт-май багытындагы “Ала-Тоо” породасындагы койлор сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кой чарба тармагындагы селекциялык жетишкендигине укуктук статус берүү максатында министрликтин адистери Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институттунун окумуштуулары менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май […]Читать далее
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде стадиондорду куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өттү. Спорттук мекемеден билдиришкендей, жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, биримдиктин президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш долбоорлору боюнча иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында Токмок, Нарын, Талас, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Токтогул […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, учурда куруу иштери 100%га аяктады. “Долбоордун алкагында 887 млн доллар каралган. Жолдун узундугу 453 […]Читать далее
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова күн мурун БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александра Соловьева менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча учурдагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде, тоолуу региондордун жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге […]Читать далее