VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 43 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп, Кыргызстандан 395, башка чет өлкөлөрдөн 263 спортчунун катышуусу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук иш-чараларга жалпысынан 2800 – 3000дей спортчу катышмакчы. “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук иш-чараларына катышуу үчүн […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программалары негизги 5 локацияда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программаларына арналган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ири маданий иш-чаралар төмөнкү аймактарда өтмөкчү: Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы жандуу мурас” этно-маданий шаарчасы; Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катышарын тастыктады, ошондой эле дагы 30га жакын мамлекеттен жооп күтүлүүдө. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурун Астанада өткөн оюндарга 86га жакын өлкө катышкан жана жылдан жылга дүйнө өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып барат. […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санакты салтанаттуу түрдө баштап берди. МинКаб Төрагасынын орун басары ушул жылдын 31-августта Кыргыз мамлекетинин эгемендик майрамында көчмөндөр оюндары башталаарын билдирип, Кыргыз Республикасы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын киргизүү менен – ата-бабалардын муундан муунга өткөн спорттук оюндарын жандандырып, бүткүл дүйнөдөгү көчмөндөрдүн жүрөгүн ойготконун белгиледи. […]Читать далее