VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катышарын тастыктады, ошондой эле дагы 30га жакын мамлекеттен жооп күтүлүүдө. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, эки жыл мурун Астанада өткөн оюндарга 86га жакын өлкө катышкан жана жылдан жылга дүйнө өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып барат.
“Бул жылы оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна (патронажына) ээ болду. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде таанылганынан кабар берет. Бул биз үчүн бүткүл дүйнөгө Кыргызстанды таанытуу, ошондой эле көчмөн цивилизациясынын бар экенин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү”, – деди ал.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.