Амангелдиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.
Күн тартибине ылайык, отурумдун катышуучулары өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды талкуулашты. Бул маселе боюнча негизги баяндама менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов чыкты . Данияр Амангелдиев жол коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясат философиясын түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгына көңүл бурду.
“Биз кесепеттерге жооп берүүдөн авариянын себептерин алдын алуу системасына өтүшүбүз керек. Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү түзүлгөн протоколдордун жана жазылган айып пулдардын саны эмес, адамдардын өмүрү сакталып, кыймылдын бардык катышуучулары үчүн тобокелдиктерди азайтуучу коопсуз чөйрөнү түзүү болушу керек”, – деп билдирди МинКаб башчысынын биринчи орун басары.
Мамлекеттик органдар үчүн негизги багыттар катары жол кыймылын уюштурууда заманбап тобокелдикке багытталган ыкмага өтүү, калк арасында масштабдуу профилактикалык жана билим берүү иштери, ошондой эле акылдуу транспорттук системаларды жана мониторингдин санариптик куралдарын активдүү киргизүү сыяктуу стратегиялык багыттар белгиленди.
Мындан тышкары, жол инфраструктурасын коопсуздуктун катуу стандарттарын эске алуу менен долбоорлоонун, ведомстволордун ортосундагы координацияны жакшыртуунун жана жарандык коомду унаа башкаруу маданиятын калыптандырууга кеңири тартуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, кабыл алынган бардык чечимдер өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Атап айтканда, тапшырылды:
• жол кыймылынын катышуучулары тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин сактоого контролду күчөтүү; • кызыкдар мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен биргеликте жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу маселесин кароо;
• республиканын автожолдорунда кырсыктардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча комплекстүү ишти активдештирип, өлүмгө алып келген жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу.
«Биргелешкен аракеттер, системалуу жана туруктуу иштер менен биз жарандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактоодо реалдуу жана сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө милдеттүүбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Амангелдиев.