Кыргызстанда жыл башынан бери республика боюнча бардык категориялардагы чарбаларда тирүүлөй салмакта 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563 тоннага, же 0,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарбадагы малдын көбөйүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери мүлк салыгынан 2,1 млрд сом чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Анын ичинде кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 349 млн сом салык чогултулган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,2 млн сомго көп. Кыймылсыз мүлк боюнча салыктын суммасы 952,3 млн сомду түздү. Салыктын бул түрү боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 76,4 млн сомго […]Читать далее
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСти кайра куралдандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо максатында, айыл чарба техникаларын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн, 2011-2023-жылдары КР Министрлер Кабинети жана КР Айыл чарба министрлиги тарабынан 9 кредиттик линия аркылуу демилгеленип, ишке ашырылууда. Тактап айтканда, мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстанда “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 7,1 млрд сом пайызсыз насыя берилди. Финансы министрлигинен маалымдашкандай, аталган суммага жалпы 10 миң 185 ишкер пайызсыз насыя ала алышты. Анын ичинен: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 821 ишкерге 5 млрд 80 млн 703 миң 917 сом; 2-категория боюнча (3 млн сомго […]Читать далее
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолукту. КР Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык тармактагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын багыттары талкууланды. Ошондой эле тараптар 2024-жылдын 17-июлунда Ташкент шаарында өтө турган Кыргыз-өзбек бизнес-форумуна даярдыкты талкуулашты. Бул иш-чара эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө […]Читать далее
Айыл чарбасындагы мамлекеттик ишканалар алгачкы жолу ири киреше менен чыгышууда. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу жалпысынан 29 мамлекеттик ишкана болгон. Бирок, 2023-жылдын соңунда алардын ишинин натыйжалуулугун артыруу максатында бириктирүү чечими кабыл алынган. […]Читать далее
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны жана Кыргызстан-Россия аймактар аралык XI конференциясынын жыйынтыгы боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ошентип, эки өлкөнүн ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр […]Читать далее
2024-жылдын 6 айында Чүй облусуна 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган: теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом; электр энергия болгон 50% компенсациясына – 9 млн […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 6 млрд сом салык чогултту. Ведомстводон маалымдашкандай, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдиктүү салык жыйымдары 239% же 3,4 млрд сомго көбөйгөн. 2024-жылдын 1-июлуна карата салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны 208 миң 498ди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу […]Читать далее
2024-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 237 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (55,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (28,8 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (17,9 пайызга), фармацевтикалык продукциянын […]Читать далее