Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө берилген квота 15 миңден 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү кошумча 10 миң транспорт каражатын бажы алымын төлөбөстөн алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Тиешелүү чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кошумча […]Читать далее
Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү жана балык продукциясынын экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча иштер улантылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында өлкөдөн 746,7 тонна балык экспорттолду. Бул 2025-жылы экспорттолгон 857,6 тонна балык продукциясынын 87 пайызын түзөт. Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга жөнөтүлөт. Учурда экспорт менен 9 […]Читать далее
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү катталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эң жогорку өсүш Ош шаарында – 176,7 пайыз, Баткен облусунда – 127,8 пайыз, Ош облусунда – 122,9 пайыз, Ысык-Көл облусунда – 122,5 пайыз жана Чүй облусунда – 119,1 пайыз болгон. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү Нарын […]Читать далее
Кыргызстанда электр энергетика тармагын жаңылоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер “Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” (МУРЭС) долбоорунун алкагында уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып, ага 58 млн доллар каралган. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарына 281 трансформатор орнотулду. Ошондой эле 35 кВ чыңалуудагы 10 күч трансформатору […]Читать далее
2026-жылдын январь-март айларында республика боюнча 38 миң 891 жаңы жумуш орду түзүлдү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 33 318и туруктуу жумуш орундары болгон. “Жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Бишкек шаарында – 11 771, Баткен облусунда – 5 828, Ош облусунда – 5 113, Жалал-Абад облусунда – 4 426, Чүй облусунда […]Читать далее
2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга 386,8 млн доллар өлчөмүндө түз чет өлкөлүк инвестиция тартылып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 34,2 пайызга өскөн. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, түз чет өлкөлүк инвестициялардын олуттуу көлөмү Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. “Бул аймактарда өндүрүштү, инфраструктураны, сооданы, маалыматтык технологияларды, финансылык жана башка кызмат көрсөтүү тармактарын […]Читать далее
Бааларды турукташтыруу иштеринин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымдады. Ага ылайык, 10-августка карата Кыргызстандагы Аи-92, Аи-95, дизелдик отун, суюлтулган жаратылыш газына болгон баалар көрсөтүлдү. Аи-92 – 86,9 сом; Аи-95 – 109,9 сом; дизелдик отун – 99,9 сом; суюлтулган жаратылыш газы – 48,8 сом.Читать далее
VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстанда финтех кызматтары менен интеграцияланган виртуалдык мобилдик операторду (MVNO) түзүү жана ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Долбоор фонддун каржылык колдоосу менен “МВНО БКГ” ЖЧКсы тарабынан “Скай Мобайл” ЖЧКсы (Кыргызстандагы Beeline) жана “ВымпелКом” ААК (Россиядагы Beeline) менен биргеликте ишке ашырылууда. “Бул Кыргызстандагы алгачкы мындай […]Читать далее
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Элдик Банк” ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында жалпы 7 млрд 606,1 млн сомго 5 690 насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп каржылоо “Айыл чарбасын каржылоо – 14” программасы аркылуу жүргүзүлүп, анын алкагында 4 363 насыяга […]Читать далее
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) капиталын 2030-жылга чейин эки эсеге көбөйтүп, 1 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында маалымдады. Анын айтымында, бул багыттагы алгачкы практикалык кадамдар форумдун жүрүшүндө жасалат. ”Биз Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн долларга жакын каржылоону тартуу боюнча тийиштүү келишимге кол коюуну пландап жатабыз”, […]Читать далее