Кыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду

 Кыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду

Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү жана балык продукциясынын экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча иштер улантылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июль айларында өлкөдөн 746,7 тонна балык экспорттолду. Бул 2025-жылы экспорттолгон 857,6 тонна балык продукциясынын 87 пайызын түзөт.

Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга жөнөтүлөт. Учурда экспорт менен 9 ишкана алектенет.

Министрлик балык өндүрүшүн көбөйтүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост